Радио

Касымбеков: жеке маалыматтарды алмашууда улуттук мыйзам үстөмдүк кылат

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков Казакстан жана Россия менен маалымат алмашуу боюнча келишимге президент тарабынан кол коюлганын эске салды.
Sputnik
Жеке маалыматтарды алмашуу буга чейин деле жүргүзүлгөн, бирок процедурасы татаал болчу. Бул тууралуу Алмамбет Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Казакстан жана Россия менен жеке маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишим боюнча аракеттер 2016-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Ошондон бери ведомство, министрликтердин арасында макулдашуулар жана башка тийиштүү процедуралар жасалып келди. 2020-жылы келишимдин бардык пунктулары аныкталып, бирок ортодогу үч жыл аралыгында келишим Жогорку Кеңешке түшкөн эмес. Быйыл гана 25-майда мыйзам чыгаруу органында ратификацияланып, президент тарабынан кол коюлду. Бул келишимдин негизги максаты — мигранттардын жашоосун жеңилдетүү. Келишимдин алкагында мигранттардын жарандыгы, мүлкү, соттуулугу жана башка маалыматтар менен алмашууга болот. Документ үч тараптуу болгондуктан өнөктөш мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына кайсы маалымат зарыл болсо сурам жөнөтүп, түз жооп алат. Мындай процедура буга чейин деле болгон, бирок ал Тышкы иштер министрлиги аркылуу жүргүзүлгөн. Ортодо үч-төрт айга чейин убакыт өтүп, жарандын маселеси актуалдуулугун жоготуп койгон учурлар кездешкен. Жарандар муну билип, ал жактан сурам жибертпестен өлкөгө келип, керектүү маалыматты алып кетишчү. Бул кошумча чыгымга дуушар кыла турган. Ошол бюрократиялык жагдайлар кыскартылып, процедура кыйла жеңилдетилди. Бирок мындай алмашууга улуттук мыйзам каршы болсо, маалымат берилбейт", — деди Касымбеков.
Ошондой эле ал жарандын жеке маалыматын берүү үчүн анын ээсинин макулдугу керектигин кошумчалады.