Ал жайларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулганы айтылат. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келгени белгиленди.
"Ыкчам тергөө иштеринин алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды. Учурда Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш-чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") менен кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, 10-июль күнү Аваз Номанов аттуу интернет колдонуучу Ош шаарында казино иштеп жатканын айтып, видео жүктөгөн. Ал жерде отургандар Кыргызстандын жарандары дагы ойноп, бирөөсү 10 миң доллар, экинчиси 130 миң сом уттурганын айткан. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков аталган маалыматтын алкагында ИИМ иликтөө кылып, жыйынтык чыгарганын белгиледи.
Тема боюнча: