БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасы жыныс мүчөсүн алмаштырууга тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Демилге Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинге таандык. МДнын маалымат кызматы билдиргендей, соңку редакция бир добуш менен колдоо тапты.
Мыйзам жыныс мүчөсүн алмаштырууга багытталган бардык медициналык кийлигишүүлөргө тыюу салат. Анын ичине хирургиялык операция, атайын дары-дармек препараттарын колдонуу кирет.
Мындан тышкары, мамлекеттик үлгүдөгү документтерде дагы жыныс мүчөсүн алмаштырып жазууга болбойт. Мыйзам күчүнө киргенден кийин операция жасатып, бирок паспортун жаңылай элек адамдардын жыныс мүчөсүн алмаштыруу жөнүндөгү справкаларынын баары жокко чыгарылат.
Медициналык кийлигишүүгө жыныс мүчөсү тубаса оорулуу болуп төрөлгөн балдарга гана уруксат берилет. Чечим дарыгерлер комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
Эгер жубайлардын бири жынысын алмаштырганы тууралуу жарандык актыга өзгөртүү киргизсе анын никеси жокко чыгарылат. Мындан тышкары, буга чейин жынысын алмаштыргандарга бала багып алууга тыюу салынат жана балдарга камкорчу же көзөмөлчү дагы боло албайт.