Унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыкты

Адвокаттын айтымында, шектүү менен арыздануучу кыз-жигит болуп көптөн бери сүйлөшүп жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкекте автоунаанын ичинде кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Буга чейин соцтармактарга окуянын видеосу тарап, милиция аталган факт 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстар башкармалыгында иштеп кеткен 30 жаштагы жаран кармалган. Андан соң Свердлов райондук соту эки айга тергөө абагына киргизген.
Адвокат бул чечимге макул болбой шаардык сотко кайрылып, чоо-жайын талдап беришкенин белгиледи.
Жактоочу шаардык сот материалдар менен таанышып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонун жана тергөө менен кызматташып жатканын эске алуу менен үй камагына чыгарганын айтты.
Карындашына асылган кишини атып салган адамга өкүм чыкты