Кытайдын БУУдагы өкүлү "учурдагы терс көрүнүштөрдүн баарына" НАТОну күнөөлөдү

Кытай ТИМинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь НАТОну Пекиндин дарегине негизсиз күнөө жаба берүүнү токтотууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Кытайдын БУУдагы өкүлү Чжан Цзюнь НАТО таасирин арттырууга аракет кылып, андан улам келип чыккан бардык тирешүүлөргө күнөөлүү болуп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"НАТО — кансыз согуштун продуктусун, кансыз согуштун калдыктарын колдойт. Вильнюста НАТОнун саммити өттү. Биз кансыз согуш учурунда жана идеологиялык карама-каршылыкта айтылган тааныш сөздөрдү уктук. Жыйынтыктоочу коммюникеде Кытайдын дарегине негизсиз күнөөлөр айтылды. Кытай мындай жалган жалааларды четке кагат", — деди Чжан Цзюнь.
Түндүк атлантикалык альянс мамлекеттеринин саммитинин биринчи иш күндөгү жыйынтык билдирүүсүндө (Вильнюс, 11-12-июль) Кытай менен Россиянын өнөктөштүгүнүн тереңдеши блоктун баалуулуктары менен кызыкчылыктарына каршы келери айтылган. Кытай ТИМинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь буга жооп иретинде НАТОну Пекиндин дарегине негизсиз күнөө жаба берүүнү токтотууга чакырган.
"НАТО мурда карап, аныктап алган географиялык алкагынан чыгып кетти. Азыр өзүнүн болгон күчүн планетанын бардыгына жайылтууга аракеттенүүдө. Бирок мындай кадамдар аймактык кооптуулукка терс таасирин тийгизет", — деди Вэньбинь.
Кытай ТИМ өкүлүнүн айтымына караганда, НАТО аскердик чыгымдарын дайыма өстүрүп, бийлигин кеңейтип, конфронтация чагымчылыгын арбытууда. НАТО ички иштерге кийлигишүү, согуш отун тутантуу, кабылдагыс санкцияларды киргизүү, жай жарандарды өлтүрүү менен эл аралык мамилелерди аныктаган нормаларды бузуп, эл аралык тартипке шек келтирип жатканы айтылды.
"Андыктан бардык терс көрүнүштөрдүн келип чыгышына НАТО күнөөлүү. Альянстын Кытайдын дарегине айтып жаткан айыптоосу негизсиз. Кытай дүйнөлүк тынчтыкка умтулат", — деген ал.
"Атайылап жаманатты кылууда". Кытай АКШны күнөөлөдү