Кыргызстандын DOTA 2 боюнча командасы чемпионатка чыкты

Тажрыйбалуу оюнчулардан турган ата мекендик команда Индия, Австралиянын курама командаларын уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы киберспорттук DOTA 2 боюнча чемпионатка чыкканын Компьютердик спорт федерациясынын башкы катчысы Баяман Саймасаев билдирди.
Биринчилик Яссы (Румыния) шаарында 25-августтан 3-сентябрга чейин болот. Тажрыйбалуу оюнчулардан турган ата мекендик команда Индия, Австралиянын курама командаларын уткан. Беттеш Сауд Арабиясында өткөн.
Dota — компьютердик командалык-стратегиялык көп жайылган оюндардын бири. Оюнчулардын максаты — персонаждардын согуштук тажрыйбаларын колдонуп, душмандын чебин талкалоо. Defense Of The Ancients (Dota) "байыркыларды коргоо" деген маанини билдирет. Dota киберспорттун дисциплинасы болуп эсептелет.
Радио
Кыргызстанда биринчи жолу киберспортчуга спорт чебери наамы ыйгарылды