Пресс-борбор

Кыргызстандыктардын жеке маалыматын коргогон система канчалык коопсуз?

Калкты тейлөө борборунун же Калкты каттоо департаментинин кызматкери жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды ала албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жарандардын жеке маалыматтары жакшы корголгон. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти.
"Биз ар бир жарандын жеке маалыматы үчүн жооптуубуз. Маалыматтык коопсуздук кесипкөй кадрлар тарабынан техникалык аппарат каражаттары, программалык камсыздандыруу жана аппараттык-программалык комплекстер менен камсыздалат", — деди санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова.
Министрликке караган "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын директору Чыңгыз Аманатовдун айтымында, жеке маалыматтарды коргоо үчүн электрондук кол тамга, Face-ID, логин, сыр сөз жана башкалар колдонулат.
Ал эми "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева маалыматтардын коопсуздугу жана аларды коргоо бардык эрежеге ылайык жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, хакердик чабуулдун ыктымалдуулугун алдын ала турган системалар бар. Тармакта иштеген адистер вирустардан коргоону үйрөтчү эл аралык конференцияларга катышып турат.
"Кыргызстандыктардын жеке маалыматынын коопсуздугун кепилдей алабыз. Жарандын макулдугу жок кызматкер анын жеке маалыматтарын карай албайт. Персоналдык маалыматтарды көрүү үчүн жарандын кайрылуусу керек", — деди Кененбаева.
Радио
Бишкекте бейтаптардын санарип амбулатордук картасы ишке кирди