Дем алышта күн бир аз салкындап, кийинки жумада кайра аптаптуу ысык башталат

Алдыдагы жумада абанын температурасы 40 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги кийинки жумада дагы күн катуу ысый турганын билдирди.
Мекеме шашылыш билдирүү таратып, 17-19-июль күндөрү аптаптуу ысык аба ырайы сакталарын маалымдаган. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунда 33…38 градус болушу күтүлөт.
Мындай кургак ысык учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Ал эми дем алышта, 15-16-июль күндөрү, күн бир аз салкындайт.
Кондиционерден улам үйлөрдөн өрт чыгууда. Коопсуздукту кантип сактоо керек?