Пресс-борбор

Калкты тейлөө борборлоруна чет элдиктерди онлайн каттоо функциясы киргизилет

Жаңы система кезекке тургандардын санын кыскартат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 24-июлдан тарта чет элдик жарандарды өлкөгө киргенде эле идентификациядан өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Калкты каттоо департаментинин системасына "чет элдик жарандарды онлайн каттоо" функциясы киргизилет. Система чет элдиктерди өлкөгө киргенде эле идентификациялоого мүмкүнчүлүк берет", — деди Кийизбаева.
Статистика боюнча өткөн жылы 660 миңден ашык чет элдик жаран ушул процедурадан өтүү үчүн узун кезекте турууга аргасыз болушкан.
Министрдин орун басарынын айтымында, быйыл Ысык-Көл облусунда төрт Калкты тейлөө борборунун (КТБ) ачылышы пландалууда. Онлайн кезекке туруу боюнча пилоттук долбоор ишке берилди. Бул кызмат Бишкек менен Оштун Калкты тейлөө борборлорунда бар. Жаран Early One тиркемесин көчүрүп алып КТБга баруу убактысын белгилей алат. Тейлөө борборуна көрсөтүлгөн убакыттан 15 мүнөт мурун баруу керек.
"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева Калкты тейлөө борборунун кызмат көрсөтүү акысын кезекте турбай QR-код менен төлөсө болорун айтты.
Пресс-борбор
Кыргызстандыктардын жеке маалыматын коргогон система канчалык коопсуз?