Байсалов: өлкөдө тигүүчүлөр жетишпей Непал, Бангладеш, Пакистандан алып келишүүдө

Аткаминер үйдө бекер отурган балдар-кыздарды жумушка орношууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда тигүү цехтерине жумушчулар жетишпей, ишкерлер чет жактан мигранттарды алып келүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык баракчасына жазды.
Ал өлкөдө жумуш орундары, өзгөчө тигүүчү тармакта кескин көбөйгөнүн белгиледи.
"Жумушчулар жетишпейт, мына азыр 50 миң орун бош! Непал, Бангладеш, Пакистан, Вьетнамдан жарандарды жалдап келүүгө аргасыз болуп жатышат. Үйдө бекер отурган балдар-кыздар тигүү цехтерине кайрылып, жумушка орношуңуздар", — деди Байсалов.
Wildberries Кыргызстанда логистикалык борбор курууга кызыкдар. Чоо-жайы