Радио

Айтматовдун буга чейин жарык көрбөгөн чыгармалары жарыяланды

Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев залкар жазуучунун чет тилге которулган чыгармаларынын библиографиясын түзүп, изилдөө керектигин айтты.
Sputnik
Чыңгыз Айтматовдун буга чейин жарык көрбөгөн чыгармалары бар. Айрымдарынын ачыкталган бөлүктөрү Айтматовдун жаңы даярдалган 12 томдук китебине чыкты. Бул тууралуу Абдылдажан Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Айтматовдун чыгармалары Кытайда миллиондогон нускада чыгып, мектептерде окутулуп жатат.
"Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек чыгармалары бар. Алсак, "Флейта жана жер", "Уулум менен жолугушуу", "Алтын жана кар" сыяктуу эмгектери. Айрымдарынын ачыкталган бөлүктөрү Айтматовдун жаңы даярдалган 12 томдук китебине чыкты. Бирок алардын уландысынын бар-жогу белгисиз. Калемгердин чыгармалары дүйнөнүн 178 тилине которулган. Алардын библиографиясын түзүп, изилдөө иштерин жүргүзүү керек. Тилекке каршы, мындай ишти жасоого көп каражат жумшалып, убакыт керектелет", — деди Акматалиев.
Ошондой эле адис быйыл Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленип, илимий конференциялар өтүп, жыл аягында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара уюштуруларын кошумчалады.