Радио

Экономист: өлкө ичинде сом менен соодалашууга милдеттендирүү туура эмес

Экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов Кыргызстандын ичинде сом менен гана соода жүгүртүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.
Sputnik
Өлкө ичинде улуттук валютада гана соода жүргүзүүгө милдеттендирүү туура эмес. Мындай пикирин Кубанычбек Идинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул өлкөдө чет элдик валюталардын тартыштыгын жаратышы ыктымал.
"Учурда өлкөдө алтындын запасы топтолуп, валюталар үчүн база болууда. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банкта Улуттук банктын үч миллиард доллар запасы турат. Ал валютанын өйдө-төмөн болуусун стабилдештирип турууга колдонулууда. Ошондуктан өлкө ичинде улуттук валюта менен гана соода кылууга милдеттендирүү сунушу өзүбүздү өзүбүз тушап койгонго барабар. Кайсы валюта келсе дагы аны алмаштырып соода кыла берүү керек. Чет элдик валютаны алмаштырууда өлкөдө эч кандай тоскоолдук жок. Эгер чектөө киргизилсе, чет элдик валюталардын тартыштыгы жаралып, натыйжада дүйнөлүк финансылык рынокко чыгуу кыйындайт. Ошондуктан кайсы валюта болсо дагы чектөө койбой эле соода жүргүзө берүү зарыл. Учурда бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор башталууда. Ага чет элдик инвесторлор кызыгуусун билдирип, айрымдарынын курулушу башталды. Анан алар улуттук валютада соода кылууга милдеттендирилсе, курулуш материалдарын ар кайсы жактан алып келүүдө кыйналат. Мындай кадам кошумча чыгашага түрткөнү аз келгенсип, керексиз тоскоолдуктарды жаратат", — деди Идинов.
Ошондой эле ал валютанын туруктуулугу экономикадан көз каранды экенин кошумчалады.