Жол боюна туристтик жайларды көрсөткөн 120дан ашуун QR-код илинип жатат

Коноктор QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө кенен маалымат алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкөнүн жети облусунда 120дан ашык санарип QR-код иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Туризм департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, департамент эл аралык өнөктөш ACTED менен Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттиги (TİKA) биргеликте санариптик туристтик көрсөткүчтөрдү иштеп чыккан.
"Учурда санариптик туристтик көрсөткүчтөр жергиликтүү бийлик тарабынан жер-жерлерде монтаждоо, орнотуу иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө. QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алууга болот", — деп айтылат маалыматта.
QR-коддор туристтерге керектүү маалыматты түздөн-түз мобилдик телефондон алууга жана туристтик жайларга барууга ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Ысык-Көлдө быйыл канча сомго эс алууга болот? Баасы, тизме, даректер