Кыргызстандык 15 компаниянын товарлары эл аралык көргөзмөгө коюлду. Сүрөт

Иш-чарага кыргыз делегациясын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеп барган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "ИННОПРОМ — 2023" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө улуттук экспозиция менен биринчи жолу катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 4

Кыргызстан Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "ИННОПРОМ — 2023" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө улуттук экспозиция менен биринчи жолу катышты.

2 / 4

Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген делегация 10-12-июль күндөрү иш-чарага катышкан.

3 / 4

Кыргызстандын павильонундагы продукция ата мекендик 15 компания тарабынан сунушталып, өнөр жай, курулуш, тигүү, текстиль жана башка товарлардын кеңири ассортименти камтылган.

4 / 4

Ага Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров келип, товарларды көрдү.

Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген делегация 10-12-июль күндөрү иш-чарага катышкан. Кыргызстандын павильонундагы продукция ата мекендик 15 компания тарабынан сунушталып, өнөр жай, курулуш, тигүү, текстиль жана башка товарлардын кеңири ассортименти камтылган. Ага Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров келип, товарларды көрдү.
Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы Россиянын мамлекеттик органдары, бир катар кызыкдар ишкерлери жана ошондой эле көргөзмөгө катышкан чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөнү белгиленди.
ИННОПРОМ — Россиядагы эл аралык өнөр жай көргөзмөсү, 2010-жылдан бери Екатеринбургда өткөрүлөт.
Нарындагы "Кыргыз шырдак" фестивалынан кереметтүү 15 сүрөт