Караколдо жаңы курулган жол 6 айга жетпей оюлуп калды. Прокуратура иш козгоду

Шаардын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү 1,4 чакырымдык жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Караколдогу мындан алты ай мурда бүткөрүлгөн жол сапатсыз курулуп, мамлекетке 1,7 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү 1,4 чакырымдык жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
"Натыйжада Ысык-Көл облусун өнүктүрүү дирекциясынын айрым кызмат адамдары аткарылган иштин көлөмүн ашыкча баалаганы аныкталды. Аталган жол сапатсыз жасалгандыктан алты айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келтирилгени тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Таш-Көмүрдө жаңы төшөлгөн асфальт упуранып калды. 29 млн. сом кымырылган