Энергетика министрлиги көмүрдүн экспортун чектөөнү сунуштады

Бийлик алдыдагы күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгынан кризис жаралат деп кооптонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Энергетика министрлиги көмүрдүн экспортун 8 айга чектөө боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты.
Отундун мындай түрүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрүү пунктулары аркылуу гана өткөрүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Бийлик алдыдагы күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгынан улам кризис жаралат деп кооптонууда. Отунга болгон баа азыркы жай мезгилинде дагы жогору болуп жатат. Себеби көмүрдү Европага, Пакистанга, Кытайга, Өзбекстанга экспорттоо үчүн карьерлерден эле ири өлчөмдө сатып алып кетишүүдө.
Эске салсак, январь-апрель айларындагы маалымат боюнча, өлкө 580 миң тоннадан ашык таш жана күрөң көмүр экспорттогон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.
Быйыл да Токтогулда суу аз. Өкмөт азыртан электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды