Радио

Проректор: Бишкек мамлекеттик университети дүйнөнүн 16 тилинде окутат

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштери боюнча проректору Азамат Сатиев окуу жай илимий изилдөөгө көңүл бурарын айтты.
Sputnik
Бишкек мамлекеттик университети көбүнесе Россиянын, Кытайдын жогорку окуу жайлары менен кызматташып, алмашуу программалары, квалификацияны жогорулатуу багыттары каралган. Бул тууралуу Азамат Сатиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жайда илимий изилдөөгө көңүл бурулуп, атайын илимий борбор ачылган.
"Бишкек мамлекеттик университети 54 программанын негизинде иш алып барат. Анын 28и бакалавр, 14ү магистратура, эки багыты толук кандуу адистик алып чыгуу багыттары боюнча билим берилет. Учурда университет бир нече илимий борборду, институттарды жана колледждерди ачып кеңейди. БМУда эл аралык мамилелердин чоң сектору бар, бул студенттерге алмашуу программаларына катышууга, окууга, практикага же Европа менен Азиянын 70 университетинде машыгууга мүмкүнчүлүк берет. Каалоочулардын дүйнөлүк 16 тилди тандоо укугу бар. Окуу жайда тилге өзгөчө маани берилип, мыкты адистер даярдалат. БМУ көбүнесе Россиянын жана Кытайдын жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешип, алмашуу программалары жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багыттары да каралган. Мисалы, Россиядагы Урал мамлекеттик университети, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети жана башка лингвистикалык окуу жайлар менен кызматташтыгыбыз бар", — деди Сатиев.
Ошондой эле адис 2019-жылы гуманитардык университет мамлекеттик болуп аталып, дүйнөлүк университеттер менен түз диалог жүргүзүү, кызматташуу мүмкүнчүлүгү кеңейгенин кошумчалады.