ТИМ Астанада экс-чемпион сабаган жаран кыргызстандык экенин тастыктады

Резонанс жараткан окуя 18-июнда болгон, бирок коомчулукка жакынкы күндөрү гана белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменов сабаган жаран кыргызстандык экенин тастыктады.
Окуя 18-июнда болгон. Бирок коомчулукка эми гана белгилүү болуп, видеосу резонанс жаратты. Мушкер балалуу кишиге барып, бир нерселерди айтып, анан мойнунан тарткан. Мындан соң экөө мушташа кеткен. Уруштун чыгып кетишине балдардын оюн аянтчасындагы пикир келишпестиги себеп болгон. Болжолдуу маалыматтарда жабыркаган киши кыргызстандык экени айтылган.
Бүгүн жаракат алган кыргызстандыкты Казакстандагы элчиликке чакырышкан. Ага керектүү консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү.

"18-июнда болгон окуя боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тиешелүү бардык процессуалдык аракеттерди көрүп жатат. Аталган маселе министрликтин көзөмөлүндө", — деп билдирди ТИМ.

Алгач жерине келген полиция кылмыш ишин козгогон эмес. Кийин жабырлануучу жактоочу жалдап, кайрадан укук коргоо органдарына кайрылган. Мындан соң “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, окуяга көз жумуп койгон аймактык полиция кызматкерине карата иликтөө башталган.
Экс-чемпиондун айтканы боюнча, сабалган адамдын кыргызстандык экенин полиция бөлүмүнөн гана билген.
Иркутскиде кыргыздар менен тажиктердин ортосунда массалык мушташ чыкты