Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын Украинага F-16 учактарын берүү планынын кесепетин Лавров айтып берди

Лавров согуш учурунда россиялык аскерлер айтылган типтеги ар бир учакты өзөктүк курал ташуу үчүн жабдылганбы же жокпу деп териштирип отурбастыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. – Sputnik. Өзөктүк куралды ташып жүрүүчү F-16 истребителдеринин Киевде пайда болушун Россия Батыштын өзөктүк тармакка келтирген кооптуулугу катары карайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавровдун "Лента.ру" басылмасына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Бул боюнча бир нече ирет сөз болду. Эгерде батыш агрессивдүү антироссиялык саясатты жаратып, улам эле стратегиялык мүнөздөгү тобокелдиктерди көрсөтүүгө мажбурлаган кадамдарды жасабаса, ал өзүнүн маанисин жоготуп деле бүттү деп айтсак болот эле", — деген Лавров Москванын өзөктүк куралды пайдаланышы боюнча суроого жооп берип жатып.
Ал Россиянын өзөктүк куралды пайдалануу шарттары согуштук доктринада так аныкталганын белгиледи.
"Муну менен катар эле АКШ жана анын сателлиттери Россия менен түзмө-түз кагылышуу тобокелдигин жаратып жатканына көңүлүңөрдү бургум келет. Мунун кесепети өтө жаман болот", — деп белгилеген Лавров.
Ал кырдаалдын кооптуу болуп өнүгүп кетишине бир мисалы катары АКШнын Киев режимине F-16 истребителдерин берүү пландарын айткан. Мындан тышкары, согуш учурунда россиялык аскерлер айтылган типтеги ар бир учакты өзөктүк курал ташуу үчүн жабдылганбы же жокпу деп териштирип отурбастыгын белгиледи.
"Украинанын Куралдуу күчтөрүндө буга окшогон системалардын пайда болушун биз өзөктүк курал жаатында Батыш келтирип жаткан коопсуздук катары карайбыз", — деген Лавров.
Буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак Украина F-16 истребителдерин өнөктөштөрдөн 2023-жылга чейин алууга ниеттенип жаткандыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: Украина НАТОго абдан жакындады, бирок азырынча мүчөлүккө чакырылбайт