Башталгыч класстардын окуучулары үчүн мугалимдин сөзү чоң роль ойной турганын Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мугалимдин окуучуларга болгон мамилеси өтө жакын да, өтө алыс да болуп кетпеши керек.
"1-4-класста окуп жатканда окуучуларга мугалим "авторитет" болот. Бул аралыкта ар бир окуучу үчүн мугалимдин сөзү абдан чоң роль ойнойт. Ал эми 5-класстан баштап андай болбой калат. Бала 1-класска келгенде мугалим балага аябай жакын да мамиле кылбаш керек. Ошол эле маалда катуу кармап, урушпаганы да маанилүү. Тажрыйбалуу мугалимдер ар бир баланын тилин бат эле таап алышат. Кайсы окуучуну катуураак кармап, кайсы окуучуга колдоо керектигин билишет. Өз жумушун сүйгөндөр ар бир окуучу менен иш алып барып, жолун таап кете алат. Айрым мугалимдер 4-класска чейин окуучуларды абдан катуу кармап, класска тизилип кирип, тизилип чыкканга үйрөтүп коёт. Мындай учурда алар 5-класска барып, класс жетекчи алмашканда көбүнчө начар класска айланып кетет. Анткени алар катуу кармаган мугалимге көнүп калып, кийин эркиндик берилгенде аны туура эмес пайдаланышат. Демек, мугалим бала менен ойногонду да, сүйлөшкөндү да, урушканды да, анан, албетте, билим берүүнү да билиши шарт", — деди психолог.
Ал баланы 1-класска даярдоого ата-эне жоопкерчилик менен мамиле жасашы керектигин кошумчалады.