Пресс-борбор

Онищенко: Ысык-Көл ден соолукту бекемдөө үчүн ыңгайлуу жер

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн рекреациялык жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышкан.
"Ысык-Көл — уникалдуу кубулуш. Ал эң ири көлдөрдүн катарын толуктайт. Мен ал жакка үч жыл мурда барып, эс алууга жана ар кандай оорулардан реабилитацияланууга эч кандай тоскоолдук көргөн жокмун. Анткени санаторийлер бар экен. Пржевальск менен Жети-Өгүздөгү иштеп жатат деген үмүттөмүн", — деди Онищенко.
Ал ошондой эле Ысык-Көлдө күн менен жердин ортосундагы катмар жука болгондуктан адам күнгө бат эле күйүп каларын эскертти.
Президент Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн балыкты тор менен кармоого тыюу салды