Орган алмаштырат. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди

Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди. Алар орган алмаштыруу боюнча операция жасашарын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров көптөгөн кыргызстандыктардын бөйрөк, боор сыяктуу органын алмаштыруу үчүн чет жакка чыгып, бир топ акча коротуп жүргөнү түйшөлтүп келген.
“Мындан улам ал Кыргызстанда трансплантация процессин жолго коюу боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалмакчы. Биринчи операция август айына белгиленген. Түркиялык хирургдар жергиликтүү кесиптештерин окутат. Түркияда 25 миң доллардан жасалган операциянын Кыргызстандагы баасы 7 миң доллардын тегерегинде болору айтылды.
Пресс-борбор
Ооруп жатканын адам билбей калат. Министрлик гепатиттин кооптуулугу тууралуу