Бийлик транспорт жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертти

Салыктарды атайын органдарга барбай эле онлайн төлөөгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертти.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
транспорт каражатына салык;
турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
үй жанындагы, бак-чарба жер участокторуна салык.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.
Салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөөгө болот. Булар – бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.
Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИННи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИННи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эми мыйзамсыз байыгандар да мүлкүн декларациялай алат. Мыйзам күчүнө кирди