Төө-Ашуудагы тоннель кайрадан маал-маалы менен жабылат. График

Жол милициясы 18-июлга чейинки графикти жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы тоннелине маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мындай чектөөлөр тоннелдин жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу экени айтылды.
12-июлдан 18ине чейин төмөнкүдөй убактарда жабылат:
05:00дөн 08:00гө чейин;
10:00дөн 12:00гө чейин;
14:00дөн 16:00гө чейин.
Жол милициясы айдоочуларды жолго чыгууда алдын ала пландап, зарылчылык болбосо түнкүсүн эмес, күндүз жүрүүгө чакырат. Ошондой эле коопсуздук үчүн көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырбай, каршы тилкеге чыкпастан, жол эрежелерин так сактоону эскертти.
Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо унаалар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатат