БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Токтогулда көк бөрү командасынын капитанынын үйүнөн баңгизат менен курал табылып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө нашаа сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат түшкөн.
ИИМдин тиешелүү кызматкерлери бир катар ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан мурда соттолгон 42 жаштагы Ж.Э. аттуу жаранды "баңгизат сатуучу" катары аныкташкан. Шектүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун көк бөрү боюнча курама командасынын капитаны болуп чыккан.
2023-жылдын 7-июлунда саат 23:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э. айдап бараткан Mercedes Benz-814 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа токтотулган. Текшере келгенде баңгизат жасоочу аппараттар табылган. Жашаган жерин тинтүү учурунда сарайдын чатырынан 62,32 грамм гашиш чыккан.
Бул факты боюнча 7-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") менен иш козгогон.
Тинтүү учурунда сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар, короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документи жок курал табышкан. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды.
Биринчи май райондук соту улакчыны эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалганын айтты.