Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожьедеги Токмак шаарын кооптуу курал менен аткылашты

Өткөн аптада АКШнын президенти Жозеф Байден Украинага чачырап жарылган ок-дарыларды бере турганын жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Украиналык аскерлер Запорожье облусундагы Токмак шаарын аткылады. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, алар тийгенде чачырап жарылуучу куралдарды колдонушкан. Бул тууралуу РИА Новости калаанын ыкчам кызматтарына таянып кабарлады.
"Саат 17:15те нацисттик Киев режиминин согушкерлери Токмакты аткылоого алышты. Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, чачырап жарылган ок-дарыларды пайдаланышкан", — деп айтылган билдирүүдө.
Алардын шаардан Васильевкага чыга берген жактагы тоок фабрикасынын районуна тийгени айтылды.
Өткөн аптада АКШнын президенти Жозеф Байден Украинага чачырап жарылган ок-дарыларды бере турганын жарыялаган. Мындай типтеги снаряддарга 123 мамлекет ратификациялаган эл аралык конвенция тыюу салат. Ал өлкөлөрдүн арасында АКШ, Кытай, Россия жана Украина өзү да бар. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, украиналык аскерлер аны Донецкиде үч ирет колдонгон.
Чачырап жарыла турган бул ок-дарылар өзү жок болуп кетпейт. Америкалык аскерлердин айтымында, алардын бештен 14 пайызга чейинки бөлүгү такыр жарылбай калышы мүмкүн. Буга алардын кампада бир топ убакыттан бери жатканы себеп болот. Мындай болгон учурда алар согуштан кийин жөнөкөй жүргөн эл үчүн кадимки минадай эле кооптуулук жаратып калат.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгерде АКШ Украинага аталган снаряддарды жөнөтө турган болсо, россиялык аскерлер ошондой эле куралдарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө колдонууга мажбур болорун эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШнын Киевге өтө кооптуу ок-дары бере турганы боюнча үн катты