Японияда жашаган программист "Тазалыкка" жардамчы-тиркеме белек кылат

Имаш өзүнүн эмгегин ишкананын директору Рамиз Алиевге көрсөтүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Японияда жашаган программист (теги кыргызстандык) Азат Имаш Бишкектин "Тазалык" ишканасына Locator.kg жардамчы-тиркемесин белек кылат. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркы билдирди.
Имаш өзүнүн эмгегин ишкананын директору Рамиз Алиевге көрсөтүп берген. Аларды Жогорку технологиялар паркы жолуктурганы белгиленди.
Тиркеме шаарды тазалоого жардам берет. Мисалы, бирөө уруксатсыз жерге ыргытылган таштандыны көрсө, аны сүрөткө тартып сайтка жүктөй алат. Маалымат дароо модераторго жетип, тийиштүү кызматтардын жумушчуларына тапшырма берилет.
Эгер көйгөй чечилсе эски сүрөттү (таштанды менен тартылган) жаңысына (таштанды тазаланган) алмаштырып коюшат.
"Сыйлыктарыбыз да бар". "Тазалык" ыктыярчыларды ишке чакырган видео