БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. НАТОнун саммиттеги коммюникеси Кытайдын саясатын бурмалап жана атайылап эле жаманатты кылууда, Пекин буга чечкиндүү каршы турат. Бул туурасында аталган мамлекеттин Евробиримдиктеги дипломатиялык миссиясынан билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс саммитинин биринчи күнүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, НАТОго мүчө мамлекеттердин мүчөлөрү Кытайдын бекемдеп бараткан таасири жана аскердик кубаттуулугуна биргелешип каршы турууга сөз бекитишкенин айткан. Документте Кытай саясаты альянстын баалуулуктарына, кызыкчылыгына жана коопсуздугуна көйгөй жаратары айтылып, бирок аталган мамлекет менен өз ара кызматташууга ачык бойдон калары белгиленген.
"НАТО саммитинин коммюникеси узун, эски ырларды кайталап, кансыз согуштун менталитетин жана идеологиялык жек көрүүчүлүктү камтып турат", — деп айтылган миссиянын сайтында.
Документтин Кытайга тийиштүү жерлери негизги фактыларды эсепке албай, тоготпой, Кытайдын позициясы менен саясатын такыр эле бурмалап таштагандыгын белгилешкен. Андан сырткары, атайылап эле жаманатты кылып жатканы айтылган.
"Биз чечкиндүү каршы чыгабыз жана муну жокко чыгарып, тааныбай турганыбызды билдиребиз", — дешкен дипломатиялык миссиядан.
НАТО саммити бул күндөрү Вильнюста өтүүдө, ал бүгүн, 12-июлда, аяктайт.