БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Вильнюста өткөн НАТОнун саммити альянстын аскерлерди Россиянын чек арасына жакын топтоого көңүл коюп тургандыгын көрсөттү, эми Москвага "артка жол жок". Бул туурасында Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун айтканын РИА Новости жазды.
"Вильнюстагы жолугушуу блоктун аскерлерин Россиянын чек араларына көбүрөөк топтоо ниетин көрсөттү. Биздин эми артка чегине турган жерибиз жок. Саммиттин агрессивдүү маанайдагы чечимдери Россиянын кылып жаткан иштеринин туура экендигине болгон ишениминен шек саната албайт. Атайын операцияда коюлган максаттар толук аткарыла тургандыгынан эч кандай күмөнүбүз жок", — деп белгилеген элчи.
Антоновдун айтымына караганда, Вильнюстагы билдирүү НАТОнун антироссиялык маанайын көрсөттү. Элчи "биздин өлкө менен кармашууга блоктун бардык ресурстары ташталганын" белгиледи. Муну менен катар эле Вашингтон Европанын коопсуздук архитектурасындагы кризис үчүн жоопкерчиликти эч кандай далили жок туруп Россияга жүктөп коюуга аракет кылып жатканын айтты.
"Кошмо Штаттар эл аралык аренада өзүнүн үстөмдүк кылган позициясын сактап калуу үчүн тобокелчиликтерге да барууга даяр. Дүйнөдө лидерлигин жоготуп коюу туурасында ой аларга тынчтык бербей, буга моюн сунгусу жок", — деген дипмиссиянын башчысы.
НАТО саммити бул күндөрү Вильнюста өтүүдө, ал бүгүн аяктайт. Биринчи күндөгү жыйынтыктоочу коммюникесинде блоктун мүчөлөрү Украинаны келечекте альянстын курамында көрө тургандыктарын ырасташты. Мындан тышкары, НАТО лидерлери Украина Куралдуу күчтөрүн альянстын стандарттарына шайкеш келтире турган көп жылдык колдоо пакетин бекитишти.