Ленин округу боюнча кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 13,2 млн. сом сарпталат

Мында мурунку шайлоого салыштырмалуу айрым чыгашалар кыскартылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого 13,2 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.
БШКнын мүчөлөрү кайра шайлоону 10-сентябрда өткөрүү чечимин чыгарып, ага кете турган чыгымдардын сметасын бекитти. Жыйында мурунку шайлоого салыштырмалуу айрым чыгашалар кыскартылганы айтылды. Анда 18,8 миллион сом жумшалган болчу.
Белгилей кетсек, 28-майда Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева алдыга озуп чыккан. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталгандыктан жеңиши жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Жапаров Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады