Ленин округунан Жогорку Кеңешке депутатты кайра шайлоо 10-сентябрда болот

БШКнын бүгүнкү жыйынында шайлоо процессине кете турган чыгымдардын суммасы бекитилет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутатына №26 Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда болот. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШКнын бүгүнкү жыйынында шайлоону өткөрүү күнү дайындалып, ага кете турган чыгымдардын суммасы бекитилет.
Белгилей кетсек, 28-майда Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева алдыга озуп чыккан. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталгандыктан жеңиши жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Жапаров Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады