БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ички иштер министри кандай кишилер адам сатуунун курмандыгы болуп калышы мүмкүн экенин эскертип, этият болууга чакырды.
"Көпчүлүк учурларда жашоо деңгээли төмөндөр, жашы жете элек балдар же турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандар адам сатуунун курмандыгы болуп калышы мүмкүн", — дешти министрликтен.
Ошондой эле ведомство коркунучтун белгилерин санады:
тез, оңой жана ири киреше сунушталат. Ошол эле учурда расмий келишим түзүү тууралуу сөз кылышпайт;
сөз болуп жаткан фирма тууралуу эч бир расмий маалымат таба албайсыз;
"кыздар үчүн официант, бийчи катары иш сунушталат", "кесиптик даярдык талап кылынбайт", "жол кире, камсыздандыруу, турак жай менен өзүбүз камсыздайбыз" деген сыяктуу кулактандыруудан жаа бою качыңыз;
сизге ири суммадагы акчаны оңой эле карызга берип коюуга даяр кишилерден оолак болуңуз;
чет өлкөдөн "жомоктогудай" эс алууну, жумушту сунуштагандардан дагы сак болуңуз.
Эгер кимдир бирөөдөн шек саноо болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керек.