Учурда спортчулар арасында допингге каршы күрөшүүгө басым жасалып, түшүндүрүү иштери, окутуулар байма-бай жүрүп жатат. Бул тууралуу Айбек Абдымомунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгерде спортчу допинг колдонгону аныкталса ири суммада айып салынып, спорттон белгилүү мөөнөткө четтетилип, өлкө кадырына да кедергиси тиет.
"Кесипкөй спортту фармакологиясыз, витаминдерсиз элестетүү кыйын болуп калды. Спортчулар уруксат берилген витаминдерди кабыл алып, организмин мелдешке даярдайт. Бизде "Улуттук допингге каршы борбор" дирекциясы түптөлүп, Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) койгон талаптарына жараша иштеп келишет. Учурда спортчулар арасында допингге каршы күрөшүүгө басым жасалып, түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүп, окутуулар болууда. Лицензиялык турнирлер, Олимпиада оюндары жакындап калды. Мындан тышкары, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, спортто көп өзгөрүүлөр болот. Анда башкаруу, инфраструктура, кадр маселелери да камтылат", — деди Абдымомунов.
Ошондой эле адис спорттогу инфраструктурага көңүл бурулуп, эскилиги жеткен имараттарда оңдоп-түзөө иштери жүрөрүн кошумчалады.