Бишкектин бир бөлүгү 13-июлда жарыксыз калат. График

Атайын бригада жабдууларды оңдоп, бактарды буташат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Борбор калаанын кээ бир жерлеринде 13-июль күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-13:00 — Шевченко, Токтогул, Сыдыков, Темирязев, Үмөталиев, Турусбеков көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:00-17:00 — 5-кичи райондогу №2/1 үйдө, Айтматов проспектисиндеги №45 үйдө, Арча-Бешик (Дабан, Азамат, Береке, Улар көчөлөрү) конушунда, Дордой (айланма жол, Ибраимов, Эмгекчил 6, Эмгекчил 7 көчөлөрү) конушунда, Калыс-Ордо (Калыс-Ордо 13, 11, 15, 115, 22) конушунда;
9:30-15:00 — Үсөнбаев, Маяковский, Бакинская көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:30-17:00 — Широкий, Хмельницкий, Кайыңды (Карагачевая роща) көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Власов, Очаковская, 9-январь көчөлөрүндө, Барабинский тар көчөсүндө;
9:30-18:00 — Медеров, Элебаев, Байтик баатыр көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Гранитный, Кокон тар көчөлөрү.
Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу берүүнүн июлга карата графиги