Радио

Ыктыярдуу камсыздандыруу деген эмне? Милдеттүү камсыздандыруудан айырмасы

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров ыктыярдуу камсыздандыруу милдеттүү камсыздандырууга караганда солгун иштеп жатканын айтты.
Sputnik
Мүлктү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу деген эки түрү бар. Тилекке каршы, өлкөдө ыктыярдуу камсыздандыруу анчейин өнүкпөй жатат. Буга биринчи себеп жарандардын кайдыгерлиги. Мындай пикирин Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ыктыярдуу камсыздандырууда тарифин жана мүлк кайсы кырсыктан камсыздандырыларын кардар өзү тандайт.
"Шаарда турак жайды камсыздандырууда негизинен эки көйгөй бар. Жаңы конуштардын тургундары жерлеринин документи жоктугунан кыйналышса, кабат үйдө жашагандар бардык документтери бар туруп, кайдыгер мамиле жасашат. Андыктан чоң шаарларда мүлкүн камсыздандыргандар аймактарга караганда азыраак. Мындан сырткары, дүкөн, кампа жана башка ушул сыяктуу объектилерди да камсыздандыруудан өткөргөндөр жок эмес. Курулуштун бул түрлөрү ыктыярдуу камсыздандырылат жана анын тарифин, кандай кырсыктардан камсыздандырыларын кардар өзү тандайт. Мисалы, дүкөн, кампа ээлери уурулуктан камсыздандырып койсо болот. Көбүнесе өрт кырсыгынан, кошунасы тарабынан суу каптап кетүү коркунучунан сактануу максатында полис алышат. Ыктыярдуу камсыздандыруудан мүлктүн бардык түрүн өткөрсө болот", — деди Чекиров.
Ал мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2016-жылдан бери 850 жаранга 84 миллионго чукул каражат төлөп бергенин кошумчалады.