"Азаттык" чуулуу материалын сайттан өчүрүп, сот иштери токтотулду

Тараптар тынчтык келишимине макулдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Азаттык Медиа" чек арадагы конфликт жөнүндө материалын бардык ресурстарынан өчүрдү, муну менен соттук териштирүүлөр токтотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилген.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү "Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ" аталышындагы анык эмес маалыматты камтыган видеоматериал өчүрүлдү. Буга байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту. "Азаттык Медиага" карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, министрлик алгач "Азаттыкка" чуулуу материалды өчүрүү талабын койгон. Басылма баш тарткандыктан сайты бөгөттөлгөн. Ал эми 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту "Азаттык Медианын" ишин ЖМК катары токтотуу боюнча чечим кабыл алган. Фемида өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин доо арызын канааттандырган.
Президенттин маалымат катчысы АКШны Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды