Hürriyet: Анкара Москвадан жүз бурган жок

Түркия Россиянын президенти Владимир Путин менен ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Анкара Москвадан жүз бурган жок. Бул тууралуу Hürriyet гезити Түркиянын өкмөтүндөгү маалымат булагына таянып жазды.
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Россия менен Түркиянын кызматташуусуна комментарий берип жатып, ортодо пикир келишпестик бар экенин, бирок ошол эле учурда эки өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген маселелер жок эмес экенин белгилеген. Москва диалогду өнүктүрүү ниетинде.
"Түркия Россиядан жүз буруп, толугу менен Батыш менен кызматташууга өттү деген пикир чындыкка дал келбейт. Түркия эл аралык жана аймактык держава катары тең салмактуу саясат жүргүзүүнү улантат. Бул контекстте алып караганда Түркия Батыш жана Европа менен мамилесин өнүктүрүүнү улантат, ошол эле учурда Россиянын президенти Владимир Путин менен дагы ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колдойт", — деп жазды басылма.
Дүйшөмбүдө президент Режеп Эрдоган Швециянын НАТОго кириши Түркия Европа биримдигине кабыл алынгандан кийин гана мүмкүн боло турганын билдирген. Бирок ошол эле күнү НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг Эрдоган Швециянын альянска кириши тууралуу кагаздарды түрк парламентине тезинен жөнөтүүгө макул болгонун жарыялаган. Песков Батыш Түркияны Европанын курамында көрүүнү каалабай турганын, Анкара бул жаатта алданып калбашы керектигин белгиледи.
Столтенберг Эрдогандын Швецияны НАТОго алууга макулдук бергенин билдирди