БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган иштин фигуранттары 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү менчиктеп алышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экени аныкталганы белгиленди.
Жыйынтыгында мамлекетке жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилке өткөн. Жалал-Абад шаарынын мэриясы ал жерге социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп сыяктуу) жана мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо.