Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык аскерлер монастырдын аймагынан элди сүрүп чыгарды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Киев-Печерск лаврасынын аймагына келген украиналык аскерлер корпустардын биринин эшигин талкалашты. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы окуянын видеосун жарыялады.
Ал эми ошол жерде иш алып барган кечилдер менен сыйынганы келгендерди ичке киргизбей, жакын жолотпой коюшканын Православ журналисттердин союзунан кабарлашкан.
Кеп аталган лавранын №54 корпусундагы окуя туурасында болуп жатканын монастырдын жактоочусу Никита Чекман мурдараак да билдирген.
Украин бийлигинин Украина православдык чиркөөсүнүн (УПЧ) Киев-Печерск лаврасына келгендерди аймактан аскерлердин жардамы менен күч колдонуп сүрүп чыгарып жатканы биринчи ирет болуп жаткан көрүнүш эмес.
2022-жылы Киев бийлиги Украинанын православдык чиркөөсүн Россия менен байланышта деп кине коюп, аталган өлкөнүн ар кыл аймактарындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Алардын парламентине УПЧтин республикада иштешине чектөө койгон мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн. Украинанын православдык чиркөөсүнүн бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик санкциялар киргизилген. Маданият министрлиги алар менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, кечилдерди 4-июлга чейин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлери чиркөөгө сыйынууга келгендерди сүрүп чыгарууда. Видео