Чаткал дарыясынын гидрологиялык потенциалы айланасы корук болгондугунун улам ушул күнгө чейин изилденбей келет. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Сары-Жаз, Чаткал дарыяларына суу сактагыч куруу менен Токтогул, Киров, Нарын, Куланак каскаддары жана башка ГЭСтерге сууну топтоп, кошуна мамлекеттерге агып чыгып жаткан ресурсту көзөмөлдөсө болот.
"Чаткал дарыясы ушул күнгө чейин жеткиликтүү иликтенбей келет. Анткени ал аймактын табияты өзгөчө коргоого алынган жер болуп эсептелет. Бирок ошол эле учурда чек арадан 10-12 чакырым алыстыкка Өзбекстан ГЭС куруп алган. Биз дагы бул дарыянын гидрологиялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, кошуна мамлекетке агып чыгып жаткан сууну көзөмөлдөө, анан электр энергиясын чыгаруу максатында суу сактагыч курсак болот. Мындан сырткары, Кытайга агып чыгып жаткан сууну Сары-Жазга ГЭС куруу менен жана ошол эле Токтогул суу сактагычы аркылуу Өзбекстанга чыккан сууну, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Киров, Куланак, Нарын каскаддарынын жардамы менен учурда жөн гана агып чыгып жаткан сууларды топтоп, кошуналарга керек учурда берип туруу мүмкүнчүлүгү бар", — деди Чонтоев.
Окумуштуу Өзбекстанда чакан суу сактагычтар көп болгону менен алар тайыз келип, кургакчылык болуп кетсе суу тартыштыгы жараларын кошумчалады.