Президент Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн балыкты тор менен кармоого тыюу салды

Ал эми ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого жол берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыкты тор менен көп өлчөмдө кармоого үч жылга чейин тыюу салынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мораторий киргизүү жөнүндөгү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктын бардык түрлөрүн көп өлчөмдө кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салынды.
Ал эми ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштурууга, балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүүгө, илим-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүгө уруксат берилет.
Токтогул суу сактагычында балык баккысы келгендер арасында сынак жарыяланды