Жарга кулап түшкөн. Ноокаттагы жайлоодо жоголгон жигитти дрон менен табышты

30 жаштагы киши мал айдап келем деп кеткен бойдон 1-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ноокат районунда жайлоого кетип, жардан кулап түшкөн жигит дрондун жардамы менен табылды. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 3-июль күнү Ноокат РИИБине М.А. аттуу киши арыз менен кайрылып, 1-июлда 30 жаштагы А. уулу А. Көк-Бел айыл аймагындагы туугандарынын үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал психикалык оору менен жабыркап келген, ошол күнү талаага мал айдап келем деп кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
7-июлда жаранды издөө үчүн милиционерлер менен жергиликтүү тургундар жайлоого жөнөп кетишкен.
“Издөөгө алынган жайлоонун аймагы өтө чоң болгондуктан санариптештирүүнүн алкагында алынган Ноокат РИИБдин криминалистика кызматынын дрону колдонууга тартылган. Натыйжада анын жардамы менен А.у.А. бийик жардан түшүп кетип, басууга чамасы келбей алсыз отурган жеринен табылган”, — деп айтылат маалыматта.
Ага алгачкы медицианалык көмөк көрсөтүлүп, Тез жардам кызматы менен Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.
Сууга чөгүп каза болгон төрт адамдын сөөгү табылды, бирөө жаш бала