Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Украинанын келечегин альянстан көрөт, бирок анын так мөөнөтүн айтышкан жок

Уюмдун башкы катчысы Украинаны кабыл алуу Россия менен жаңжалдан көз карандылыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү Украинанын келечегин альянстан көрөт, бирок анын так мөөнөтүн айтышкан жок. Латвиянын Вильнюс шаарында өткөн НАТОнун саммитинин жыйынтыгы боюнча расмий маалымат таратылганын РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Киевге качан союздаштар макулдук берип бардык шарттар аткарылгандан кийин гана чакыруу жиберилет.
Өз кезегинде уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинаны кабыл алуу Россия менен жаңжалдан көз карандылыгын билдирди.
“Эгер Украина жеңип чыкпаса, кепилдик жана НАТОнун мүчөлүгүнө кошуу жөнүндө маселе такыр каралбайт”, — деди Столтенберг.
Ошондой эле документте евроатлантикалык альянс Россия менен жаңжалдашууга жана ага коркунуч жаратууга аракет кылбай турганы жазылган. Бирок өнөктөш өлкө катары да эсептебейт.
Столтенберг Эрдогандын Швецияны НАТОго алууга макулдук бергенин билдирди