БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дипломатиялык миссиянын ачылыш аземи мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн.
Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышканын айтышты.