БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Мобилдик мультидиагностикалык комплекс эми Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Диагностикалык комплекс райондун бардык жашоочуларын текшерип, дарылоо жана консультациялык кызматтарын көрсөтөт.
"Комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши дарыланууда көйгөйлөргө туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, долбоор беш жылга эсептелген, бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармек, жабдуу жана күйүүчү-майлоочу каражат менен, ал эми медицина кызматкерлерин эмгек акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору, калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы Тез жардам автоунаасы да бар.