БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швециянын НАТОго киришин кароо маселесин парламентке киргизүүнү тездетүүгө убада бергенин альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг айткан. Муну ал Вильнюста Түркия жана Швеция лидерлери менен болгон жолугушуунун соңунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Президент Эрдогандын Швециянын мүчөлүккө кирүү протоколун ратификациялоо үчүн Улуттук Улуу Жыйынга протоколду эртерээк жөнөтүүгө макулдугун бергенине кубанычтамын. Бул тарыхый күн", — деген ал.
Анткен менен Столтенберг ратификация качан болушу мүмкүндүгүн жана Швециянын толук кандуу кошула турган датасын атаган жок.
"Анын датасын Түркия тарап айтат", — деген уюмдун башчысы бардыгы Улуттук Улуу Жыйынга байланыштуу экендигин белгилеп.
Ал ошондой эле бүгүнкү жыйынтык Анкара менен Стокгольмдун террорчулукка каршы күрөштө кызматташууну кеңейтүүнү макулдашып, тиешелүү документке кол койгондон кийин болгонун баса белгилеген.
Өткөн аптада Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Швецияга террорчулукка каршы күрөшкө болгон мамиленин өзгөрүшүн далилдөө үчүн реформалар эле эмес, жасалган иш-аракеттер керектигин белгилеген. Анын айтымында, Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчу партиясынын иш-аракеттери өлкөнүн көчөлөрүндө уланып жаткан маалда мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнүн деле зарылдыгы жок.
Былтыр май айында Украинадагы окуялардан улам Финляндия менен Швеция НАТОнун башкы катчысына альянска кирүү үчүн арыз берген. Ал үчүн аталган уюмга мүчө бардык мамлекеттердин макулдугу керек. Алгач Түркия арызды кароо процессин токтотуп, бирок жыйынтыгында Анкара, Хельсинки жана Стокгольм коопсуздук боюнча меморандумга кол койгон.
Быйыл 31-мартта Финляндия НАТОго кирүү үчүн бардык мүчөлөрдүн колдоосуна ээ болгон. Ал эми Швеция азыркыга чейин Венгерия жана Түркиянын макулдугун ала элек.