Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчага барбаган бөбөктөр үчүн 2015-жылдан бери 480 сааттык "Наристе" окутуу программасын өткөрүп келет. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала мектепке барганга чейин тамга таанышы керек.
"Баланы 1-класска даярдоо абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү. Бул жерде ата-эненин жоопкерчилиги баарынан чоң. 1-класска барган балдардын деңгээли ар кандай болгондуктан министрлик тарабынан 2015-жылы 480 сааттык "Наристе" программасы ишке кирген. Анда бала бакчага барбаган бөбөктөргө билим берилип келет. Аталган программадан мектеп босогосун аттай турган кичинекейлер коомго аралашканды, ден соолукка кам көргөндү, тил үйрөнүүнү жана өзүн чыгармачылык жактан өнүктүргөндү үйрөнө алышат. Бөбөк мектепке барганга чейин тамга тааныганды, 1ден 10го чейин санаганды, түстөрдү айырмалаганды, өзүнүн жана ата-энесинин аты-жөнүн жана жашаган дарегин билүүсү кажет. Аны 1-класска даярдоодогу курстардан башка да биздин мекеме бир нече окутууларды уюштуруп келет. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бул жылы 13 700 мугалим квалификациясын жогорулатты. 2024-жылы болсо 9 600 мугалимди курстардан өткөрүүнү пландап жатабыз", — деди Кусеинова.
Ал буга чейин "Наристе" программасынын алкагында 4 000 окуу классы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жабдылгандыгын кошумчалады.