Акыйкатчы аял баласын карап отурган учурду эмгек стажы катары эсептөөнү сунуштады

Омбудсмен жумушун таштоого аргасыз болуп үйүндө бала тарбиялап жаткан аялдардын укугу корголушу керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдар балдарын тарбиялап үйдө отурган мөөнөттү эмгек тажрыйбасы катары эсептөөнү сунуштады. Бул туурасында ал Бишкектеги аял-лидерлердин курултайында айтканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Акыйкатчы аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын айтып, ага каршы күрөшүү жана стереотиптерди жоюу үчүн алгылыктуу күч-аракеттерди жумшоо керектигин белгилеген.
"Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү талап кылынууда. Жумушун таштоого аргасыз болуп, үйүндө балдарын тарбиялап отурган аялдардын укугун коргоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Андыктан ошол мөөнөттү эмгек тажрыйбасы (стаж) катары эсептөө зарыл", — деди Жаманбаева.
Мындан сырткары, акыйкатчы тез арада төмөнкүдөй иштерди аткарууну сунуштады:
экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрүнө аялдар менен эркектерге бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоо;
аялдардын чакан жана орто бизнес менен алектенүүсүн илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү, пайызсыз насыяларды берүү;
айылдар менен шаарларда аялдардын иш менен камсыздалуу мүмкүнчүлүгүн теңдөө стратегиясын иштеп чыгуу.
Жаманбаева мындай чаралар аялдарга жана балдарга жасалган зомбулукту токтотуу үчүн керектигин кошумчалаган.
Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттатууга каршы экенин билдирди