А.Жапаров Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиясына катышты. Эмне айтылды

Жапаров көйгөйлүү маселелердин бири катары "Мекен картасынын" программасы боюнча жасалган иштерге токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Социалдык контракт" долбоорун ишке ашырууда көзөмөлдү күчөтүүнү жана 100 миң сомдон алган ар бир үй-бүлөнүн ишинин натыйжалуулугун аныктаган министрликтин жооптуу кызматкеринин бекитилишин айтты.
Бул туурасында ал I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясына катышып жатканда сөз кылганын анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров министрликтин ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелердин бири катары "Мекен картасынын" программасы боюнча жасалган иштерге токтолгон. Мунун алкагында ишти күчөтүү зарылдыгын эскертип, аталган макамды алууга жалпысынан 34 арыз түшкөнүн, бирок анын 18и гана каралып, канааттандырылганын белгилеген.
Өкмөт башчы оң тенденция катары министрликтин бюджети 2020-жылга салыштырмалуу "дээрлик эки эсеге" көбөйгөнүн белгилеген.
"2022-жыл жана 2023-жылдын башы министрлик үчүн жемиштүү болду. Социалдык жөлөк пулдардын көлөмү көбөйтүлүп, "Социалдык контракт" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып, "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында иштер жүрүп жатат", – деген Жапаров.
Өндүрүштөгү дагы бир канаттандырарлык учурду — Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) ишин белгилеген. Алардын заманбап технологияларды активдүү колдоно баштагандыгын мисал келтирген.
1 / 4

Өндүрүштөгү дагы бир канаттандырарлык учурду — Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) ишин белгилеген

2 / 4

Алардын заманбап технологияларды активдүү колдоно баштагандыгын мисал келтирген

3 / 4

Өкмөт башчы "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан экспертизадан өтүү, кайра экспертизадан өткөрүү жана майыптык фактысын аныктоо тартибин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу айткан

4 / 4

Санариптик чечим иштелип чыкты, анын жардамы менен суралган документтердин санын 11ден экиге чейин кыскартууга мүмкүн болду

Өкмөт башчы "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан экспертизадан өтүү, кайра экспертизадан өткөрүү жана майыптык фактысын аныктоо тартибин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу айткан.
"Санариптик чечим иштелип чыкты, анын жардамы менен суралган документтердин санын 11ден экиге чейин кыскартууга мүмкүн болду. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеңилдетүү үчүн жасалган олуттуу кадам, бирок бул чек эмес. Алдыда министрликтин маалыматтарын толугу менен санариптештирүү, анын ичинде башка тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтары менен синхрондоштуруу боюнча комплекстүү иштер турат", – деп сөзүн жыйынтыктаган Жапаров.
Мындан сырткары, "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин" жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин" жаңы редакцияларын иштеп чыгууну, коллегия жыйынынын күн тартибине таянуу менен бир катар протоколдук тапшырмаларды берген.
Депутаттар 3 жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштады. Шарты