Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Украинадагы согушту беш мүнөттө токтотуп коюу ыкмасын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Украинадагы чатакты беш мүнөттө токтотуп коё алмак. Бул туурасында ABC News телеканалына Владимир Зеленский айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Эгерде биз жаңжалды Украинанын эсебинен токтотуу, башкача айтканда, жерлерибизден баш тартууга мажбурлоо туурасында айтсак, аны Байден беш мүнөттө эле жасап коймок деп ойлойм", — деген Зеленский.
Анын пикиринде, Киев буга макул болмок эмес.
Буга чейин АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Украина чатагын бир суткада эле бүтүрүп коймоктугун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кеннеди: Украинанын Россияны жеңүүгө бир да мүмкүнчүлүгү жок